Меню Закрыть

МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР КАДЫРАКУН БАЗАРБАЕВГЕ 90 ЖЫЛ

Кыргыздын кыйырына таанымал инсан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Базарбаев Кадыракун Исмаиловичтин 90 жылдыгы М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалуу драма театрында белгиленди.
Мааракеге К.Базарбаевдин замандаштары, үзөңгүлөштөрү, туугандары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Каармандын замандаштары Кыргызстандын экономикасына, айыл-чарбасына жана элдин жашоо-турмушунун оңолушуна кошкон зор салымын баса белгилешсе, өнөр адамдары коомдогу ордун жана эмгек жолун сахналаштырып беришти.
Белгилүү инсан Кадыракун Базарбаев айыл чарба адиси катары тармакты өнүктүрүүдө өзгөчө салым кошкон инсан болгон. Нарын облусунун Тянь-Шань, Кочкор райондорунда, Ош облусунун Совет районунда, Талас облусунун Талас районунда жетекчилик кызматтарды, Кыргыз ССРнин Министрлер советинин агро өнөр жай комплекси боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, айыл чарба министринин орун басары болуп эмгектенген.
Кадыракун Базарбаевдин басып өткөн өмүр жолу кийинки муундарга, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге үлгү …
Анын жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат.
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *