Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети менен Нарын педагогикалык колледжинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында БАУнун Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби Нарын педагогикалык колледжинин студенттерине “SMM” (Social Media Marketing) – дүйнөлүк желедеги маркетинг жана «Ишкердүүлүк» программасын акысыз окутуу курсун баштады. Студенттер сапаттуу жана заманбап ишкерлик ыкмаларын үйрөнүү боюнча мыкты билимдерге ээ болуп, келечектеги өсүп-өнүгүшүнө багыт алышууда. Учурда мындай курстардан 60 студент өтүп жатат.
КЫЗМАТТАШТЫК
![](http://npu.nsu.kg/wp-content/uploads/2023/12/399619225_852364873204832_8563680821075433382_n-e1714323030389.jpg)