Меню Закрыть

БИРГЕЛЕШКЕН ИШ-ЧАРА

Президенттин «Улуттук нарк» жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Ч.Айтматов — кылымдын залкар жазуучусу» аталышындагы иш-чарага адабият сүйүүчүлөрү чогулушту.
Самара Арстанбекованын жетекчилиги астында Нарын педагогикалык колледжинин таланттуу студенттери жана С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепкананын кызматкерлери менен биргеликте адабий-музыкалык кече уюштурулду.
Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар студенттер тарабынан таамай чагылдырылып, кыскача сахналаштырылды.
Адабият сүйүүчүлөрү үчүн уюштурулуп жаткан мындай саамалыктар, жаштарды китеп окууга үндөп, залкардын чыгармаларын кеңири жайылтып окууга шарт түзөт…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *