Меню Закрыть

БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ МЕНЕН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ИШ АЛЫП БАРУУДАБЫЗ

Нарын педагогикалык колледжиндеги «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттери үчүн калаабыздагы √15 — «Бактылуу балалык» балдар бакчасынын тарбиячылары Н.Кадырова жана Н.Молдогазиевалар «Биздин бакча гүл бакча» аталышында мастер класс уюштурушту.
Анда тарбиячылар өзүлөрүнүн мол тажрыйбасы менен бөлүштү.
Маселен, алар балдарды сабакка кызыктыруу үчүн ар кандай түрдөгү материалдарды (мисалы: бет кап, желим идиштер, шуру, жип, целлофан ж.б) колдонуу менен сүрөт тартуунун, ийлеп чаптоонун жана кураштырып жасоонун ыкмаларын үйрөтүштү.
Изилдөөлөргө ылайык баланын акыл-эсинин өрчүшүнө кол жана манжалардын таасири чоң. Анткени, мээдеги көрүү, угуу, сүйлөө, кабыл алуу жана эс тутум үчүн жооп берген нерв системалары алакан менен түздөн-түз байланышаарын жана ушундай көнүгүүлөрдү жасоо майда моторикалардын өнүгүшүнө түрткү болоору айтылды.
Келечектеги татыктуу тарбиячыларды даярдоо максатында жүргүзүлгөн мастер класс студенттер үчүн пайдалуу жана кызыктуу болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *