Меню Закрыть

«АКЫЛ ОРДО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ

23 -апрель — «Бүткүл дүйнөлүк китеп» күнүнө карата «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» аттуу «Акыл ордо» таймашы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттер парламенти тарабынан уюштурулду.
Максаты: билимдин баалуулугун сезүү, тапкычтыкка үйрөтүү, китеп окууга кызыгуу, шык-жөндөмүн ойготуу, ой жүгүртүү жана эстеп калуусун калыптандыруу болду.
Таймашка К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин 1-3-курстары катышып, жыйынтыгында:
1-орунду Н-11 группасы
2-орунду Д-33 группасы
3-орунду По-11 группасы ээлеп, баалуу белектерге жана грамоталарга ээ болушту.
«Акыл ордо» таймашына НПКнын окутуучулары жана
С.Орозбаков атындагы Нарын облусттук китепканасынан коноктор катышып, калыс баасын беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *