К.Мамбетакуновдун ысымын алып жүргөн Нарын педагогикалык колледжи чейрек кылымдан бери 1-жолу оңдоп-түзөөдөн өттү.
Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунда «Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик билим берүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун негизинде окуу жайдын чатыры, ичи, сырты, терезе, эшиктери толук алмаштырылды. Ага жалпысынан 19 млн сом сарпталды.
Ал эми окуу жайдын ичиндеги эмеректерди бүтүрүүчүлөр демөөрчүлүк кылып, столдордун материалдарын алып беришти.
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «НАРЫН ӨНДҮРҮШТҮК» муниципалдык ишканасы келишимдин негизинде, окуу жайдын окутуучуларынын биргелешип иштөөсү менен столдор даярдалууда.
Билим берүү жана илим министрлигине, Азия өнүктүрүү банкына, Нарын шаардык мэриясына жана колледждин жалпы бүтүрүүчүлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз!