Меню Закрыть

ПЕДАГОГДОРДУН ДАРАМЕТИН ЖОГОРУЛАТУУ МЕНЕН ГАНА БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА БОЛОТ

Нарын педагогикалык колледжинин жетекчилиги жана окутуучулары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтундагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү менен таанышып кайтышты.
Аталган иш сапарда келечекте аткарыла турчу иштер пландалып, жетекчилер тарабынан меморандумга кол коюлду.
Эске салсак, Нарын педагогикалык колледжи Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы мектептердин социалдык педагогдорун окутуп, сертификат берүү алдында турушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *