Меню Закрыть

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТУ БЕРИЛДИ

Нарын педагогикалык колледжинин «Дене тарбия», «Башталгыч класстарда окутуу», «Чет тили», «Колдонмо информатика», «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик практикаларын мыкты деңгээлде өтөп келип, жыйынтыгы тууралуу отчет тапшырышты.
Теориялык билимдерин практикада колдонуп, окуучу менен мугалимдин ортосундагы коммуникация, педагогдук этика жана методикалык ыкмалардын туура колдонулушу боюнча өз пикирлерин билдирип, педагогдук кесип жоопкерчиликти талап кылаарын баса белгилешти.
Практиканын жыйынтык отчетуна иш берүүчүлөр да катышып, өз ой пикирлерин билдирип, практикасын мыкты өтөгөн практиканттарга ыраазычылык кат тапшырылганын айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *