Меню Закрыть

НПКнын студенттери акындын ырларын окушат

Окурмандарды патриоттуулукка, Мекенди сүйүүгө, улуттук баалулугубузду кеңири даңазалоого үндөгөн «Орто саз кичи мекеним » аталышындагы жаңы китептин бет ачары Динара Райымкуловага таандык.
Калеминин сыясы кургай элек китебинин майрамдык аземи Сагынбай Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында өткөрүлдү. Теңир тоодон чыккан калемгер Динара Райымкулова ырларында окурмандарына, туулуп өскөн айылына болгон кусалык, сүйүүнү сүрөттөгөн.
Бүгүнкү аземдин кадырлуу коноктору каармандын замандаштары, китепкананын окурмандары жана Нарын педагогикалык колледжинин студенттери болду. Автор мындай мүмкүнчүлүктө студенттерге өз калемине таандык болгон ырларын окуп, поэзия дүйнөсүнө жетеледи. Ошондой эле келген коноктор куттуктоо сөзүн арнап, катышып олтурган студенттер автордон кызыккан суроолоруна жооп ала алышты .
Өрнөктүү инсан менен болгон жолугушуу студенттердин ой чабытын өзгөрткөн. Мындай адабий аянтчада баарлашуу адабият сүйүүчүлөрү үчүн пайдасын берди.
Иш-чаранын соңунда акын Динара Райымкулованын китеби С.Орозбаков атындагы китепканын фондуна белекке тапшырылды…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *