Меню Закрыть

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ

Учурда Мамлекеттик билим берүү стандарты өзгөрүп, жогорку окуу жайларда, колледждерде окутуу формасын өзгөртүү талабы бар. Мындан улам Нарын педагогикалык колледжинин студенттери үчүн Нарын шаарындагы А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебиндеги башталгыч класстын мугалими Гүлмира Асанкожоева өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
«Үндүү жана үнсүз тыбыштар» деген темада кызыктуу сабак өтүп, окуу жайдын студенттерине жаңы методикалык ыкмаларды сабакта колдонуу тартибин практика жүзүндө көрсөтүп берди.
Бүгүнкү өтүлгөн сабак студенттер үчүн кызыктуу болду жана келечектеги кесибине пайда алып келет демекчибиз…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *