Меню Закрыть

«МУГАЛИМ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК»

5-октябрь — «Мугалимдер күнүнө» карата К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери тарабынан «Планетадагы эң улуу адам — бул мугалим» аталышындагы майрамдык концерт уюштурулуп, агартуу тармагындагыларды куттукташты. Майрамдык иш-чара студенттердин ыр, бий, жылуу куттуктоолору менен коштолуп, мугалимдердин маанайын көтөрүштү . Ошондой эле мугалимдин коомдогу орду бийик экенин даңазалап, агартуучулардын дарегине жакшы тилектерин арнашты .
Белгилей кетсек, учурда окуу жайда 48мугалим эмгектенип, студенттерди кесипке даярдоодо профессионал окутуучулар талыкпай эмгектенип келишүүдө. Алардын эбегейсиз зор эмгегин баалаган студенттер майрамдык иш-чаранын соңун, мекеме-ишканалардын онлайн куттуктоосу менен аяктап, мугалимдерге жаркын маанай тартууланды .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *