Меню Закрыть

«КЫРГЫЗ ТИЛИ» КҮНҮНӨ КАРАТА АДАБИЙ КЕЧЕ

«Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аталышындагы адабий кече кыргыз тили күнүнө карата Нарын педагогикалык колледжинин Н-11 группасынын студенттери жана аны жетектеген А.Маштаеванын уюштуруусунда белгиленди.
Бул кечеде улуттун улуулугун тастыктаган эне тили өзгөчө даңазаланды. Дегенибиз, студенттер кыргыз тилинде ыр ырдап, бий бийлеп, көркөм ыр окуп, байыркы каада-салт, үрп-адаттарды чагылдырып, акыйнекти катыра айтышты.
Мына ушундай мыкты деңгээлде өткөрүлүп жаткан адабий кече, маданий иш-чаралар өсүп келе жаткан жаш муундарга өз эне тилин сүйүүгө, даңазалоого жана патриоттуулукка тарбиялоого жакшы бир өбөлгө болуп бермекчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *