Меню Закрыть

ЖАРЫМ КЫЛЫМДЫК ЖОЛ : 50 ЖЫЛ МУРУНКУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ӨЗГӨЧӨ ЖОЛУГУШУУСУ

Бүгүн Нарын педагогикалык колледжинде өзгөчө маанилүү жана жылуу жолугушуу болду. Мындан так 50 жыл мурун бул окуу жайды бүтүргөн улуу муундун өкүлдөрү чогулуп, ошол кездеги куратору Советкан Орозобековна менен кайрадан жүз көрүштү. Бүтүрүүчүлөр окуу жайдын короосуна келип, студенттик күндөрүн, жаштык шаңын жана ошол убактагы кыял-мүдөөлөрүн кубаныч менен эскеришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө алар сабак берген окутуучуларын терең урмат жана ыраазычылык менен эскерип, бүгүнкү күндөгү турмуштук жолдору, үй-бүлөлүк абалдары, кесиптик жетишкендиктери тууралуу ой бөлүшүштү.
Бүтүрүүчүлөрдү Нарын педагогикалык колледжинин директору Айнура Апсалиева өзгөчө жылуу тосуп алды. Ал ар бир мейманга көңүл буруп, алардын окуу жайга болгон байланышынын үзүлбөгөндүгүнө кубанаарын белгиледи. Директор мындай жолугушуулар муундардын ортосундагы байланыштын бекемделишине жана колледждин тарыхый баалуулуктарын сактоого чоң салым кошорун баса белгиледи.
     

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *