Нарын педагогикалык колледжинде студенттердин курамынан түзүлгөн «TOP TEAM» дебаттык клубу узак убакыттан бери иш алып алып барып келет.
Мына бүгүн дагы аталган клуб тарабынан «XXI КЫЛЫМ ЖАШТАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН» аттуу дебаттык турнир өткөрүлдү.
Активдүү катышуучулар өз пикирлерин ачык билдирип, коюлган теманы так таамай ачып берип, дискуссия кызуу жүрдү.
Бул турнир коомдогу болуп жаткан маанилүү маселелерди ( миграция, интернеттин таасири, жумшак көндүмдөр, улуттук каада-салттарж.б) жаштардын көз карашы менен карап талкуулоо жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө үйрөтүү максатын көздөдү.
Жыйынтыгында:
1-орун — «ТРИУМФ» командасы;
2-орун — «БЕТА» командасы;
3-орун — «АЙ ЧЫКТЫ КАРАЧЫ» командасы»
«Эң мыкты спикер» номинациясын — Н-11группасынын студенти Касымбек кызы Нурайым камсыздады.