“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында “Манас эпосу – тил, маданият жана педагогика” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция бүгүн К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде өткөрүлдү.
Иш-чара «Манас күнүнө» арналып, улуттук дөөлөттү даңазалоо, “Манас” эпосунун тилибизди, маданиятыбызды жана педагогикалык билимди өнүктүрүүдөгү ордун терең ачып берүү максатын көздөдү.
Конференциянын расмий бөлүгүн окуу бөлүм башчысы Гулнура Султаналиева жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бактыгүл Сыдыгалиева ачып, катышуучуларды улут уңгусун бекемдөөгө багытталган бул маанилүү иш-чара менен куттукташты.
Иш-чаранын негизги уюштуруучусу жана «Манас» кружогунун жетекчиси Мимоза Абдракунованын демилгеси менен студенттердин манас таануу маданиятын жогорулатууга арналган мазмундуу докладдар сунушталды.
Конференцияда төмөнкү студенттер баяндамаларын окушту:
Абдракунова Мимоза – “Манас эпосу: тил, маданият жана педагогика”
Туратбек кызы Айжамал – “Манас эпосу – эне тилибиздин алтын казынасы”
Жусупова Айчолпон – “Манас эпосундагы адептик-ыймандык баалуулуктар”
Жакшылыков Улукмырза – “Манасчылык өнөр – улуттук маданияттын өзөгү”
Баяндамаларда “Манас” эпосунун тилдик, руханий, маданий жана тарбиялык баалуулуктары кеңири талданып, студенттердин изденүүчүлүк жана чыгармачылык жөндөмдөрү даана байкалды.

