Меню Закрыть
СТУДЕНТТЕРИБИЗ БОРБОР КАЛААБЫЗДА ӨТКӨН ДЕБАТТЫК ТУРНИРГЕ КАТЫШЫП КЕЛИШТИ
Студенттердин кесиптик даярдыгын арттыруу, жарандык позициясын жана жалпы маданий сапаттарын калыптандырууда окуудан тышкаркы иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ.
Нарын педагогикалык колледжинин (НПК) студенттери лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана өз алдынча башкаруу жаатындагы тажрыйбаларын байытуу максатында ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келишет.
КР Президентинин алдындагы Ж Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын чакыруусу менен университеттер арасында өткөрүлгөн “Лидер Кап” дебаттык турниринде НПКнын атынан Арипова Айтурган, Азатбекова Альбина, Жусупова Айчолпон жана Касымбек кызы Нурайым ийгиликтүү катышып, жарым финалга чейин жетишти.
Турнирде КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Эрулан Кокулов жана Медер Алиев колдоо көрсөтүп, ыраазычылык каттарды тапшырды жана студенттер үчүн баалуу тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
НПКнын намысын коргогон студенттерибизге жана НПКнын окутуучусу дебат клубунун жетекчиси Нестан Оморовага терең ыраазычылык билдиребиз!