Меню Закрыть

СЫЙЛЫГЫҢЫЗ КУТ БОЛСУН!

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин эң жогорку сыйлыктарынын бири- «Сатыбалды Нааматов» атындагы медалы менен сыйланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул сыйлык — Сиздин көп жылдык эмгегиңизге, билим берүү тармагына кошкон зор салымыңызга, жетекчилик чеберчилигиңизге жана мекеменин өнүгүүсүнө болгон үзүрлүү аракеттериңизге берилген татыктуу баа болуп саналат. Сиздин демилгелүү лидерлигиңиз, ачык-айкын иш алып барууңуз, педагогикалык кадрларды колдоо жана жаңы муун адистерин даярдоого кошкон эмгегиңиз жалпы жамаат үчүн чоң үлгү.
Сизге бекем ден соолук, чыгармачылык шыктануу, жаңы ийгиликтерди жана дагы көптөгөн бийиктиктерди каалайбыз! Колледжибиздин өркүндөшүнө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган аракеттериңиз ар качан жемиштүү болсун.
Сыйлыгыңыз дагы жаңы максаттарга, жаңы ийгиликтерге шыктандырсын!
Урматтоо менен  К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин жалпы жамааты!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *