Бүгүн Н-31 жана Д-31 группаларынын демилгеси менен кураторлор Асель Маштаева жана Мимоза Абракуновалар жетектеген «Студенттер күнүнө» арналган өзгөчө чыгармачыл иш-чара — “Сүйүктүү мульткаарман” аттуу жомоктогудай балл салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында ар бир группа ханышанын жана ханзааданын образында сахнага чыгып, көрүүчүлөргө өздөрүнүн ырын, бийин жана чыгармачылык номерлерин тартуулашты. Ар бир падышалык өзүнө таандык стилин, харизмасын жана өзгөчө өнөрүн көрсөткөнү менен залда чыныгы майрамдык атмосфера жаралды.
Калыстар тобу төмөнкү номинациялар боюнча мыктыларды аныкташты:
Мыкты бий
Мыкты ыр
Мыкты форма
Мыкты харизма
Мыкты сценка
Студенттер күнүнө арналган бул иш-чара жаштарды биримдикке, чыгармачылыкка жана позитивдүү маанайга дем берип, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө эстен кеткис эмоция тартуулады.


