2025-жылдын 28-29-апрель күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык педагогикалык колледжинин Педагогика бөлүмүнүн окутуучулары Молдалиева А., Исманова А., Ормонова С., Кожомгелдиева Ч., Джумалиева К.лар Нарын шаарындагы Нарын педагогикалык колледжине «Академиялык мобилдүүлук»программасынын алкагында иш сапары менен барып келишти.
Иш сапардын негизги максаты -эки билим берүү мекемесинин ортосунда тажрыйба алмашуу,билим берүү программаларын өнүктүрүү,сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын жайылтуу жана кесиптик өнүгүүнү колдоо болду.
Окутуучулар Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулар курамы менен жолугушуп, мекеменин тарыхы,багыты жана учурдагы билим берүү процесси тууралуу маалымат алышты.
Атайын иш сапары менен барган жогорудагы окутуучулардын ар бири өздөрүнүн адистиги боюнча ачык сабактарды
өтүштү.Сабактар жаны инновациялык ыкмалар менен өтүлүп,талкуу жаратып, кесиптештердин жана студенттердин кызыгуусун арттырды.
Бул иш сапары эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болду.Окутуучулар өз ара тажрыйба алмашып,жаңы идеяларды жана сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүштү.Жогоруда аты аталган ар бир окутуучуга
окуу жайдын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындан ары да академиялык мобилдүүлук программасын улантуу зарылчылыгы белгиленди.