«Заманбап компьютердик технологиялар» аталышындагы семинар-тренинг Нарын педагогикалык колледжинин жалпы окутуучуларына уюштурулду.
Информатика сабагынын окутуучусу Ырыскүл Токтосунова сабак өтүүдө компьютердик технологиялар, жасалма интеллект жана ChatGPT моделин колдонуудагы өзгөчөлүктөр тууралуу кенен маалымат берип, практика жүзүндө иш алып барышты.
Өнүгүп жаткан жаңы технологиялардын адамзат жашоосуна тийгизген таасирлери жана келечектеги адамзаттын жашоо образынын өзгөрүүсү тууралуу ар кандай кызыктуу пикирлер талкууланды.