Меню Закрыть

НПКда СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын педагогикалык колледжинде «Келечек лидери» клубу тарабынан «Лидерлик сапаттар жана аны өнүктүрүү» темасында 1-курстун студенттери үчүн мини-тренинг өткөрүлдү. Иш-чара клубдун жетекчилери Венера Асанова жана Мимоза Абдракунованын жетекчилиги алдында уюштурулуп, клуб мүчөлөрү Альбина Азатбеков менен Нурайым Аманбек кызы тренингди өткөрүп беришти.
Тренингдин негизги максаты — жаштардын арасында лидерлик сапаттарды ойготуу, өзүнө ишенимди арттыруу жана чечкиндүүлүктү өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө лидер болуунун мааниси, натыйжалуу коммуникация, команда менен иштөө жөндөмү, максат коюу жана жетишүү стратегиялары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Теориялык бөлүк практикалык көнүгүүлөр жана интерактивдүү оюндар менен коштолуп, студенттер арасында активдүү баарлашууга, идея алмашууга жана өз ой-пикирлерин билдирүүгө шарт түзүлдү. Ар бир көнүгүү лидерлик жөндөмдөрдү таанып билүүгө жана алардын ролун практикада көрүүгө багытталды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар өздөрүнүн алган таасирлери менен бөлүшүп, мындай иш-чаралар мотивация берип, келечекте өздөрүн ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү инсан катары калыптандырууга жардам берерин белгилешти. Алар мындан ары да өздөрүндөгү лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө аракет кыла тургандыктарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *