16-декабрь күнү К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде ата-энелер жыйыны өтүп, билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы маанилүү маселелер талкууланды. Жыйында үй-бүлөлүк психологиялык климатты жакшыртуу, зордук-зомбулуктун алдын алуу, ата-энелердин жоопкерчилиги жана укуктары, ошондой эле ата-энелер комитетин кайра шайлоо сыяктуу олуттуу темалар каралды.
Иш-чараны колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.Сыдыгалиева ачып, чогулган ата-энелерге жана чакырылган конокторго ыраазычылык билдирди. Ал эми колледждин директору К.Асылбеков окуу жылынын жүрүшүндө аткарылган иштер, жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.
Жыйынга Нарын шаардык прокуратурасынан Ш.Сулайманов катышып, балдарга туура тарбия берүүдө мыйзамдуулуктун маанисин баса белгиледи. Анын айтуусунда, мыйзамдуулукту сактоо кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн негизги шарттардын бири болуп саналат. А.Өмүрзаков (Нарын шаардык мэриясы) жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча мэрия тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен баян кылды.
Ошондой эле Нарын ШИИБдин өкүлү К.Нурманбетов ата-энелердин жоопкерчилиги жана мыйзамдагы жаза чаралары боюнча түшүндүрмө берип, балдардын укуктарын жана тарбиясын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Р.Чыров (Нарын казияты) ата-энелердин жүрүм-туруму жана үлгүсү балдардын дүйнө таанымына кандай таасир этери тууралуу терең ой-пикирлерин ортого салды.
Жыйындын соңунда колледждин тарбиялык иштеринин жыйынтыктары, студенттердин жетишкендиктери жана социалдык абалдары тууралуу маалымат берилип, талкуунун негизинде тиешелүү токтом кабыл алынды. Жыйындын жыйынтыгы менен ата-энелерге жана колледж жамаатына конкреттүү милдеттер жүктөлдү.