Меню Закрыть

НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КӨЗӨМӨЛЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Нарын педагогикалык колледжинде Көзөмөлчүлөр кеңешинин жаңы курамын түзүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул иш-чара окуу жайдын башкаруу системасын жакшыртуу, ачык-айкындуулук жана коомчулук менен байланыш түзүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө колледждин 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө кенен талдоо жүргүзүлүп, бюджеттик каражаттардын колдонулушу боюнча отчет угулду. Мында колледж администрациясы тарабынан жасалган иштер, жетишкендиктер жана учурдагы көйгөйлөр кеңеш мүчөлөрүнүн назарына сунушталды. Ошондой эле 2025-жылга карата бюджеттик пландар жана алдыңкы максаттар талкууланды.
Мындан тышкары, колледждин 85 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн масштабдуу марафон иш-чарасы боюнча маалымат берилди. Отчетто марафондун уюштурулушу, катышуучулардын активдүүлүгү жана жыйналган каражаттын багыттары тууралуу кенен баяндалды.
Көзөмөлчүлөр кеңешинин мүчөлөрү жигердүү катышып, окуу жайдын өнүгүшү боюнча бир катар маанилүү сунуштарын ортого салышты. Жыйын соңунда кеңештин жаңы төрагасы шайланып, кеңештин кийинки ишмердүүлүгүн уюштуруу багытында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Нарын педагогикалык колледжинин жамааты бул жыйындын жыйынтыктары окуу жайдын мындан аркы туруктуу өнүгүшүнө жана коомчулук менен болгон байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт деп ишенет.
            

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *