Меню Закрыть

НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ «КЕСИПКЕ КАЙРА ДАЯРДОО» КҮБӨЛҮГҮН ТАПШЫРЫШТЫ

“Кесипке кайра даярдоо” курсунун алгачкы угуучулары курсту ийгиликтүү аяктап, педагог кесибин тастыктаган күбөлүктөрдүн сыймыктуу ээлери болушту.
Белгилей кетсек, К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи 2024-жылдын февраль айынан баштап бул курсту уюштуруп, педагогикалык кесипке жаңы багыт алган адистерди даярдоого белсенген.
Курсту ийгиликтүү бүтүргөн угуучулардын пикиринде, бул программа алардын кесиптик багытын табууга чоң мүмкүнчүлүк берип, азыркы замандын талаптарына шайкеш келген эң керектүү демилгелердин бири болду. Курстун аркасы менен алар билим берүү тармагында иштөөгө бекем негизге ээ болушуп, келечектеги ийгиликтерге кадам ташташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *