Меню Закрыть

МЫРЗА КАРИМОВ НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ

Студенттерге жана окутуучуларга арналган өзүнүн мыкты тренинги менен эл аралык деңгээлдеги эксперт, коуч, Борбордук азия университеинин искусство жана илимдер мектебинин иш тажрыйбасы программасынын жетекчиси МЫРЗА КАРИМОВ Нарын педагогикалык колледжинде болду.
Бул тренинг заманбап мугалимдин кесиптик мүнөздөмөсүн жана студенттерди билим алууга шыктандыруу багытын көздөдү жана «Сабактарда эң керектүү жана актуалдуу темалар айтылып, алар студенттерде креативдүүлүктү өстүрүп, өз өлкөсүн өнүктүрүүгө потенциал бериши керек» — дейт Мырза Каримов.
Иш-чаранын алкагында Америка элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Фулбрайт (Fulbright) программасынын өкүлү, НМУнун англис тили окутуучусу Кристина Николь Кастро да студенттер менен жолугушту. Ал жаштарды билимге шыктандыруу, алардын кызыгуусун арттыруу жана биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүшүп, кызуу пикир алышуу өткөрдү.
Студенттер бул тренингде активдүүлүгүн көрсөтүп, күндүн темасына ылайык өз ойлорун билдирип, кенен ой бөлүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *