Үстүбүздөгү жылдын декабрында «Манас» күнүнө карата С.Орозбаков атындагы китепканада “Асыл мурасты уланткан залкар манасчы Тоголок Молдого – 165 жыл” аталышындагы мазмундуу жана маанилүү конференция Нарын педагогикалык колледжи менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чарага К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин окутуучусу жана студенттери катышып, залкар манасчынын чыгармачылык дүйнөсү жана мурастары тууралуу терең маалымат алышты.
Конференциянын жүрүшүндө Гүлжан Эсеналиева “Тоголок Молдонун чыгармаларындагы патриоттук идеялар” темасында мазмундуу доклад окуп, манасчынын эл-жерге болгон сүйүүсүн, улут биримдигин даңазалаган идеяларын кеңири талдап берди.
