Нарын педагогикалык колледжинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу концерттик программа жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чараны кураторлор Жумагүл Тыналиева жана Жылдыз Бабаканованын жетектөөсү менен колледждин 2-курстарынын таланттуу студенттери уюштурушуп, өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты.
Концерттин жүрүшүндө согуш жылдарындагы ардактуу ардагерлердин эрдигин эскерген ырлар, патриоттук мазмундагы сахналык көрүнүштөр, музыка жана хореографиялык номерлер көрсөтүлдү. Ар бир номер Улуу Жеңишке болгон терең урматты жана ыраазычылыкты чагылдырды.
Иш-чарага колледждин администрациясы, окутуучулар жамааты, студенттер жана ардактуу коноктор катышып, концертке жогорку баасын беришти. Мындай маданий иш-чаралар жаш муундун тарыхты унутпай, мекенчилдик сезимин күчөтүүгө чоң салым кошоору белгиленди.