Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Билим берүү сапаты — санариптик технологиялар менен!» деген ураан алдында мастер-класс болуп өттү. Бул иш-чарага Нарын педагогикалык колледжинин ПОВТАС адистигинин окутуучулары жана студенттери атайын келишип, заманбап билим берүү ыкмалары боюнча баалуу тажрыйба бөлүштү.
Иш-чаранын алкагында мугалимдердин тажрыйбасына өзгөчө көңүлдү бурду:




ПОВТАС адистигинин студенттери — Эркай Тынымсейитова, Аида Турдубекова жана Аида Арстанбековалар — өз колдору менен ишке ашырган долбоорлорун презентациялап, санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуу канчалык натыйжалуу экенин иш жүзүндө далилдей алышты.

Иш-чаранын соңунда Нарын педагогикалык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Жылдыз Кадырова жана Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору Жыпара айым өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.