Меню Закрыть

«ЭЛ ҮМҮТҮ — КЕЛЕЧЕК МУУНДУН КЫЗМАТЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

2025-жылдын 29-майында Нарын шаарындагы Салымбеков университетинде «Эл үмүтү – келечек муундун кызматы» аттуу масштабдуу долбоордун жыйынтыктоо аземи болуп өттү. Долбоорго Нарын облусунун 116 мектеби катышып, социалдык жана билим берүү багытындагы долбоорлорду ишке ашырышты.
Бул иш-чарада Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин «Эко жаш активисттер» ийрими баш байгени жеңип, 150 000 сомдук интерактивдүү доскага ээ болду. Ийрим жетекчилери – башталгыч класстын мугалими Куленбекова Таалайкүл жана информатика мугалими Исакова Гүлзат – Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы жана Египетке жолдомо менен сыйланышты. Ошондой эле аларга Билим берүү жана илим министрлигинин 72 сааттык квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Команданын 14 окуучусуна Ысык-Көлдө 5 күндүк эс алууга жолдомо берилди. Республикалык балдар-өспүрүмдөр борбору менен түзүлгөн келишимдин негизинде, мектепте жаңы окуу жылынан тартып акы төлөнүүчү ийрим ачылат.
Бул ийгиликтерге жетишүүдө команда көйгөйлөрдү аныктап, максат коюп, интеграцияланган ийрим аркылуу билим берүү процессин жашоого байланыштыра иштеп чыгышты. Ийрим С.Нааматов атындагы НМУ тарабынан автордук укук менен бекитилген программага негизделген.
Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө, К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжине жана башкы демөөрчү ALIPPEPRO мугалимдерди өнүктүрүү аянтчасынын директору Тынчтык мырзага, Нарын мамлекеттик университетине терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *