Меню Закрыть

ДУАЛДЫК ОКУТУУНУН ИЙГИЛИКТҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ

Бүгүн «Чебурашка» бала бакчасында Д-31группасынын студенти Тахмина Саякова дуалдык окутуу алкагында «Жапайы жаныбарлар» темасында ачык сабак өткөрдү.
Сабактын негизги максаты – балдардын жапайы жаныбарлар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү, айлана-чөйрөгө болгон кызыгуусун арттыруу жана сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.
Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студент өзүнүн теориялык билимин практикалык иш-аракет менен айкалыштыра алгандыгын көрсөттү.
Сабактын жүрүшү оюн элементтерин, сүрөт жана үн технологияларын, ошондой эле активдүү окутуу ыкмаларын камтыды.
Балдар сабакка чоң кызыгуу менен катышып, жаныбарлардын аттарын атап, салыштырып жана эстеп калуу көндүмдөрүн өркүндөтүштү.
Бул ачык сабак Тахмина Саякова үчүн дуалдык окутуунун натыйжалуулугун тастыктаган маанилүү тажрыйба болуп, педагогикалык чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Окутуучулар Чынара Сманбаева, Асель Маштаева жана Мимоза Абдракуновалар сабакка анализ берип, сунуштарын билдиришти.
     

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *