Меню Закрыть

БИРГЕЛЕШКЕН КҮЧ: АР ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫК АРКЫЛУУ МЫКТЫ НАТЫЙЖАЛАР

Нарын педагогикалык колледжинин «Информатика» адистигинин окутуучулары Ырыскүл Токтосунова жана Бурма Жунусалиева “Алтын Түйүн” инженердик-техникалык билим берүү академиясынын окутуучулары менен биргеликте Борбордук Азия университетинин (БАУ) компьютердик лабораториясында практикалык сабак өтүштү.
Сабакка Нарын педагогикалык колледжинин “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо” жана “Колдонмо информатика” адистигинин студенттери катышты.
Практикалык сабак техникалык каражаттарды өздөштүрүү жана заманбап программалоо тилдерин колдонуу максатында уюштурулуп, студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
Биргелешкен кызматташтыктын алкагында аталган адистиктин студенттери IT тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча БАУ жана “Алтын Түйүн” менен биргеликте иш алып барууга киришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *