Нарын педагогикалык колледжинде билим берүү жолундагы чоң жетишкендиктердин жана жаш адистердин келечекке болгон ишенимдүү кадамынын символу болгон «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу түрдө белгиленди.
Бул өзгөчө күнү колледждин бүтүрүүчүлөрү үчүн унутулгус мүнөттөргө, жүрөккө жылуу сезимдерге жана жаңы үмүттөргө бай болуп, билим жолундагы маанилүү этабын жыйынтыктоо менен келечекке карай жаңы башаттарды башташты.
Иш-чарага атайын конок катары Нарын мамлекеттик университетинин проректору Эсен Саркашкаев катышып, бүтүрүүчүлөргө жылуу куттуктоолорун жана ак тилектерин жолдоп, НМУнун «Ардак грамотасы» менен сыйлады. Өз сөзүндө ал бүтүрүүчүлөрдүн талыкпаган аракети, билимге болгон умтулуусу жана коом үчүн кыла турган кызматы чоң экендигин белгилеп өттү.
Мындан тышкары, окууда, коомдук иштерде жана чыгармачылыкта өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөр Нарын мамлекеттик университетинин ректору тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул сыйлыктар жаш адистердин билимин таанып, эмгегин баалоонун жогорку белгиси катары кабыл алынды.
Нарын педагогикалык колледжи – билим берүү тармагына татыктуу кадрларды даярдоодо өзүнүн салмактуу ордун тастыктап, келечектеги мугалимдерди тарбиялоо багытында ишенимдүү кадамдарын улантууда.