Меню Закрыть

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

Бүгүн Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына карата НПКда «САПАТ» борборунун демилгеси менен уюштурулган «САПАТ БИЛИМ» аталышындагы интеллектуалдык таймаш болуп өттү.
Бул таймашка алты команда катышып, тарых, адабият, маданият, элдик оозеки чыгармачылык жана ой жүгүртүүнү камтыган суроолорго жооп беришип, үч команда алдыга озуп чыкты.
Алар:
🔹 1-орун Н-21гр. «Тарых изин улоочулар»командасы;
🔹 2-орун ПО-23 гр. «Манас» командасы;
🔹 3-орун Д-23гр. «Достук» командасы жеңишке жетти.
Бул иш-чаранын максаты — улуттун келечеги болгон жаштарды көөнөрбөс тарыхыбыздын бай мурастарына сугарып, ал аркылуу биздин тарыхты, салт-санааны жана тилибизди аларга жеткирүү. Андан тышкары студенттердин эс- тутумун өнүктүрүү, логикалык ойлонуусун өстүрүү жана интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү болду.
      

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *