Нарын педагогикалык колледжинин ПОВТАС адистигинин окутуучулары жана студенттери Кош-Көлдөгү 85-кесиптик лицейде “Билим берүү сапаты – санариптик технологиялар менен!” аталышындагы мастер-класс уюштуруп келишти.
Иш-чарада заманбап технологияларды колдонуп сабак өтүүнүн ыкмалары сунушталып, практикалык көрсөтмөлөр берилди. Ырыскүл Токтосунова санариптик технологиянын билим берүүдөгү ролу тууралуу айтып берсе, Гүланда Байдөөлөтова Smart board интерактивдүү доскасын колдонуу жолдорун көрсөттү.
Окутуучу Турдиев Бексултан билим берүү үчүн веб-сайттарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
ПОВТАС адистигинин студенттери Эркай Тынымсейитова, Аида Турдубекова жана Аида Арстанбекова өздөрүнүн долбоорлорун презентациялап, санариптик технологиялар билим берүүдө натыйжалуу экенин далилдешти.