Меню Закрыть

БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫ — САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК МЕНЕН

2025-жылдын 30-апрелинде Нарын районунун Эмгекчил айылындагы Т.Байбураев атындагы орто мектебинде “Билим берүү сапаты – санариптик сабаттуулук менен!” аталышындагы семинар-тренинг жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара Нарын педагогикалык колледжинин ПОВТАС адистигинин окутуучулары жана студенттеринин демилгеси менен уюштурулду.
Семинардын максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатууда санариптик сабаттуулуктун маанисин баса белгилөө жана мектеп мугалимдери менен окуучуларына заманбап технологияларды колдонуу боюнча практикалык багыт берүү болду.
Семинар-тренингдин негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыды:
🔹Интерактивдүү доска жана санариптик каражаттарды эффективдүү колдонуу боюнча мастер-класстар;
🔹Жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тааныштыруу;
🔹Санариптик коопсуздук, маалыматтык аң-сезим жана мугалимдердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча талкуулар.
Мындан тышкары, ПОВТАС адистигинин студенттери — Эркай Тынымсейитова, Аида Турдубекова жана Амина Арстанбекова — «Программалоонун максаты” деген темада окуучулар үчүн кызыктуу жана практикалык мазмундагы тренинг өткөрүштү.
Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошкон уюштуруучулар: Гүланда Байдөөлөтова, Айсалкын Черикчиева, Талантбек уулу Аскар, Ырыскүл Токтосунова жана Бексултан Турдиев.
Семинардын соңунда катышуучулар иш-чаранын пайдалуулугун баса белгилешип, мындай практикалык тренингдерди мындан ары да үзгүлтүксүз уюштуруу зарылдыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *