
Султаналиев Койчубек Шералиевич
1957-жылы 10-апрелде Тянь-Шань районуна караштуу Карачий айылында туулган.
телефон: 03522 5-11-91 (рабочий)
-1972-жылы Карачий 8-жылдык мектебин аяктап, ушул эле жылы Нарын педагогикалык окуу жайына»Дене тарбия мугалими» адистиги боюнча тапшырып, 1975-жылы аталган окуу жайдын толук курсун аяктаган.
-1975-1976 жылдары Тянь-Шань районунун Жер Кѳчку орто мектебинде, дене тарбия мугалими болуп иштеген.
-1976-1978-жылдары Советтик армиянын катарында Германияда (ГСВГ) кызмат ѳтѳгөн.
-1978-1979-жылдары Нарын музыкалуу драма театрында иштеген.
-1979-1984-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунда,кѳркѳм графикалык факультетинде окуган.
-1984-жылы, Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектепте мугалим,1985-1988-жылдары ушул эле мектепте комсомол комитетинин секретары болуп иштеген, бул эмгектерим бааланып Кыргызстан Комсомолунун ЦК ЛКСМнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
-1988-жылдын сентябрь айынан баштап, Нарын педагогикалык окуу жайында окутуучу жана ошол эле убакта циклдык комиссиянын тѳрѳгасы,1991-2000-жылдары ушул эле окуу жайдын бириктирилген профсоюз комитетинин тѳрѳгасы болуп иштеген. Бул учурда Билим берүү кызматкерлеринин Облустук комитетинин Президиумунун мүчѳсү, Респуюликалык комитетинин Пленумунун мүчѳсү болуп шайланган жана Профсоюздардын Республикалык комитетинин Ардак громатасы менен сыйланган.
-1994-2004-жылдары жарыяланган конкурста утуп чыгып, М.Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-турк лицейинде мугалим болуп иштеген (окуу жайда дагы иштѳѳ менен).
-2000-2004-жылдары Нарын педагогикалык окуу жайынын окуу, тарбия жана ѳндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
-2004-жылдан бери окуу жайдын директорулук милдетин аткарып келе жатат.
Алган сыйлыктары:
- 1985-жылы,-ЦК ЛКСМ Кыргызстан «Ардак грамотасы»
- 1996-жылы,-«Элге билим беруунун отличниги» тѳш белги.
- 2000-жылы,- Профсоюздардын Республикалык комитетинин «Ардак грамотасы»
- 2010-жылы,-Билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы»
- 2010-жылы,- Борбордук шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү комиссиясынын «Ардак грамотасы»
- 2010-жылы,- Нарын шаарынын мэринин «Ардак грамотасы»
- 2011-жылы,- Нарын облусунун губернаторунун «Ардак грамотасы»
- 2011-жылы,- Нарын районунун «Ардактуу атуулу»
- 2012-жылы,- Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»
- 2012-жылы,- Нарын районунун акиминин «Ардак грамотасы»
- 2012-жылы,- Нарын облусунун «Ардактуу атуулу»
- 2008-жылдын 10-октябрындагы Нарын райондук Кенешинин 11-чакырылышындагы Райондук Кенештин депутаты.