Колледждин миссиясы Улуттук маданий баалуулуктарды сактоо менен жаңы билим берүү технологияларын ишке ашыруу жана үзгүлтүксүз билим берүүнү камсыз кылууда эмгек рыногунун талаптарын канааттандыруучу адистерди даярдоо.
Колледждин түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы
1939-жылы Кыргызстан КП(Б) БК жана Республиканын өкмөтү бийик тоолуу райондордо чарбалык жана маданий курулушту күчөтүү боюнча бир катар токтомдорду кабыл алышкан. Бул токтомдордо облаcтын эмгекчилерине материалдык-техникалык жана маданий жардам көрсөтүү боюнча атайын чараларды жүргүзүү белгиленген. Кыргыз ССРинде 1939-жылы 33 техникум жана 6 жогорку окуу жайы болгон. Ошол окуу жайларынын бири болуп 1939-жылы ачылган Нарындагы мугалимдерди даярдоочу окуу жайы саналат. 1951-1955-жж. мугалимдер институту, 1955-жылы кайрадан педагогикалык окуу жайы. 1969-жылы Каракол шаарындагы пединституттун карамагына кошулган, бирок 1965-жылы андан бөлүнүп кайрадан Нарын шаарына көчүрүлгөн. 1996-жылдын 22-майынан тартып окуу жайы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы структуралык бөлүм болуп кирген.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 7-августунда №487/1 буйругунун негизинде НМУнун алдындагы Нарын педагогикалык окуу жайынын аталышы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледж болуп өзгөртүлгөн.
К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи узак жылдар бою Тянь-Шань өрөөнүндө элдик университет катары эсептелип келген. Теңир-Тоо аймагында элге билим берүү, кадрларды даярдоо боюнча бирден бир окуу жайы болгон. Педагогикалык колледж өзүнүн 80 жылдык тарыхында, ишмердүүлүгүндө орто кесиптүү адистерди ийгиликтүү бүтүрүп келет, азыркы күнгө чейин облуста, республикабыздын бардык булуң-бурчунда үзүрлүү эмгектенип жаткан башталгыч класстын мугалимдерин, бала бакчанын тарбиячыларын, дене тарбия мугалимдерин, техник-программист, социалдык педагог, чыгармачыл коллективдин жетекчисин, мугалимин окутуп, тарбиялап, даярдап келүүдө.
Педагогикалык окуу жайдан көптөгөн атактуу инсандарыбыз окуп бүткөн: алар кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев, Кочкор районундагы Талаа-Булак орто мектебинин мугалими Социалисттик эмгектин баатыры Көкөбай Мамбеталиев, Ат-Башы районундагы Социалисттик эмгектин баатыры Апыш Койчуманов, жазуучу Нинакан Жүндүбаева, философия илимдин доктору Асанбек Табалдиев, тарых илимдеринин доктору Өмүракун Акылбеков, физика – математика илиминин доктору Дүрбөлөң Мамбетов жана башкалар .
Нарын педагогикалык окуу жайынын ишмердүүлүгүндөгү негизги максат- Билим берүү системасындагы бир көйгөйдүн бөксөсүн толтуруу-айыл жана шаар мектептерине мыкты мугалимдерди даярдоо жана жалаң гана билимге сугарылган эмес, адамкерчиликке, таалим-тарбияны алып кетүүгө жөндөмдүүлүгү бар чыныгы педагог-инсанды тарбиялап чыгуу болуп саналат.
Бүгүнкү күндө педагогикалык колледжде 46 окутуучу эмгектенет: 3 аспирант, 9 магистрант, 11 окутуучу эл агартуунун отличниги, 16 окутуучу МНОнун грамотасын алган, 13 окутуучу жогорку билимдүү, 27 окутуучу жогорку жана 1-категорияга ээ. Педагогикалык коллективдин 60% жаштар түзөт. Алардын ичинен аспирантура, илимий иштер, изилдөөлөр менен иштегендер бар. Окуу жайда методикалык колдонмолор, интерактивдүү методдор колдонулуп, илимий педагогикалык ишмердүүлүк, окутуунун инновациялык методикалары жана технологияларын жайылтуу, өнүктүрүү, сапатын арттыруу боюнча иштер жүргүзүлүп келет.
Окуу жайда 17 жабдылган жана жасалгаланган кабинеттер, ошондой эле 2 компьютердик кабинет, «Жаштар жана Студенттер Союзу» коомдук уюму бар. Студенттер арасында интелектуалдык оюндар жана спорттун футбол, волейбол, баскетбол, теннис ж.б. түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп турат
Базалык мектептер менен келишимдер түзүлүп, студенттер практикаларын жогорку денгээлде өтөп келишет.
Окуу жай 2009-жылдан бери Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Борбордук Азия Эл аралык Америка университети жана Европалык билим берүү фондусу менен кызматташууда.
Нарын педагогикалык колледждин сыйлыктары


Дареги: Нарын шаары, С. Жакыпов көчөсү 27
Тел.: (3522) 51191, 52481, 56553. Факс: (3522) 51191