К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде Манас таануу клубунун иш-планына ылайык, «Манас» күнүнө арналган “Манас — акыл, эрдик жана сабак” аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Иш-чараны клуб жетекчилери Абдракунова Мимоза жана Маштаева Асел уюштурушуп, таймашты клуб мүчөлөрү Кубан кызы Адина жана Майрамбек кызы Мунара алып барышты.
Таймашка Д–21, Д–23, Н–21, Н–23 жана А–21 группалары катышып, жети этап боюнча билимдерин сынашты. Иш-чаранын максаты — улуу мурас “Манас” эпосун даңазалоо жана студенттердин адеп-ахлактык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө салым кошуу болду.
Жеңүүчүлөр:

