Бүгүн Чет тили жана компьютердик технология колледжи менен К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи биргелешип Алымбек даткага арналган тегерек стол өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты — Алымбек датканын ѳрнѳктүү өмүр жолун жана Кыргыз мамлекетин түптөөдө кошкон тарыхый салымын жаш муунга жеткирүү, тарыхый инсандардын мурасын даңазалоо жана студенттердин мекенчилдик сезимин жогорулатуу болду.
Иш-чарага эки колледждин окутуучулары жана студенттери катышып, Алымбек датканын мамлекеттик башкаруудагы, дипломатиядагы ишмердиги жана улуттук биримдикти чыңдоодогу ролу тууралуу мазмундуу талкуу жүргүзүштү.
ПО-33 группасынын студенти Сезим Акылбекова видеослайд көрсөтүп, окутуучулар Жылдыз Кадырова жана Jyldyz Babakanova (Жылдыз Бабакановалар) тарабынан баяндама жасалды. Алар Алымбек датканын эл аралык дипломатиядагы тажрыйбасы жана бүгүнкү муун үчүн үлгү боло турган ишмердиги тууралуу ой бөлүшүштү.


