Меню Закрыть

ДЕБАТТЫК ТУРНИРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Нарын педагогикалык колледжинде “Мугалим – мөмөлүү дарак” деген темада дебаттык турнир өткөрүлдү.
Иш-чарага колледждин студенттери менен катар В.П.Чкалов жана Э.Ибраев атындагы орто мектептеринин окуучулары да катышып, өз ара ой-жүгүртүүнүн, логиканын жана чечендик чеберчиликти көрсөтүштү. Турнир жогорку деңгээлде уюштурулуп, кызыктуу талаш-тартыштарга бай болду.
Катышуучулар төмөнкү резолюциялар боюнча өз позицияларын коргошту:
1️⃣ Бул палата мугалимдердин эмгеги мамлекеттик кызматкерлерге караганда жогору бааланышы керек деп эсептейт;
2️⃣ Бул палата мугалимдердин коомдогу статусу дарыгер менен юристтин статусуна барабар болуш керек деп эсептейт;
3️⃣ Финалдын резолюциясы: Бул палата пенсиядагы мугалимдер жаш кадрларга ордун бошотушу керек деп эсептебейт.
Жыйынтыгында “777” командасы 1-орунду багындырып, дебат клубунун экс-президенти Нуска тарабынан уюштурулган атайын кечки сый тамакка команда мүчөлөрү Альбина Азатбекова жана Аманбек кызы Нурайым чакырылды.
Бул турнир катышуучуларга чоң тажрыйба, мотивация жана жаңы дем тартуулады! ✨
Жетекчиси Нестан Оморовага терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *