«Эл үмүтү – келечек муундун кызматы» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашышына зор салым кошкон башкы демөөрчү — «ALIPPEPRO» мугалимдерди өнүктүрүү аянтчасынын директору Тынчтык мырзага терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул иш-чаранын алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө жана жаш муундардын келечегине кам көрүүгө багытталган иш-аракеттерди колдоого алгандыгы үчүн Тынчтык мырзага өзгөчө ыраазыбыз. Анын колдоосу менен долбоор ийгиликтүү ишке ашып, коомчулук үчүн маанилүү жыйынтыктарга жетишти.