Меню Закрыть

«ТЕХНОЛОГИЯ, КООМ ЖАНА БАШКАРУУ: КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ ЧАПТЫРУУ»- НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ДЕБАТ ТУРНИРИ ӨТТҮ

2025-жылдын май айында Нарын педагогикалык колледжинин «Top Team» дебаттык клубу тарабынан “Технология, коом жана башкаруу: адамзаттын келечеги” аталышындагы дебат турнири ийгиликтүү уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – жаштардын оратордук чеберчилигин, критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү жана технология менен башкаруунун келечектеги орду тууралуу терең түшүнүк берүү болду.
Турнирге жалпысынан 8 команда катышып, алар курч талкууларда өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин жана дебат маданиятын көрсөтө алышты. Финалдык жыйынтыктарга ылайык, мыкты оюн көрсөткөн 1-2- жана 3-орунду камсыздаган командалар грамота жана кызыктуу белектер менен сыйланышты.
Айрыкча, 1-орунду жеңип алган «Убакыт» командасы Дебат клубунун президенти, А-31-группанын студенти Нуска тарабынан акчалай сыйлык менен кошумча сыйланды.
Бул турнир жаштардын өнүгүүсүнө өбөлгө болуу менен бирге, заманбап маселелерди терең түшүнүүгө багытталган маанилүү платформа болду.
     

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *