Меню Закрыть

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ИШКЕ АШУУДА

Борбордук Азия университетинде жумуш ордунда окутуу программасынын алкагында биология жана химия сабактары ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул сабактар окутуучу Айтбек кызы Лиранын жетекчилиги менен уюштурулуп, ага Д-11, НД-12 жана АПОФ тайпаларынын студенттери активдүү катышты.
Биология сабагы «Микроскоптун түзүлүшү жана колдонулушу» темасында өтүп, студенттер микроскопту туура колдонуу, анын негизги бөлүктөрү жана иштөө принциби менен таанышышты. Практикалык иштердин негизинде студенттер илимий жабдуулар менен иштөө көндүмдөрүн өздөштүрүштү.
Химия сабагында кальций, магний, калий жана литий сыяктуу металлдардын сууда жүрүүчү реакциялары көрсөтүлдү. Студенттер бул элементтердин химиялык касиеттерин байкап, эксперименттик иштерге түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
   

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *