Меню Закрыть

НАРЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ НМУнун РЕКТОРУ МЕНЕН АЧЫК БААРЛАШУУ ӨТТҮ

2025-жылдын 12-май күнү Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) жаңы ректору Тилек Исабеков Нарын педагогикалык колледжине келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Сапардын алкагында ректор колледждин администрациясы, окутуучулар жамааты жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу ачык баарлашуу, суроо-жооп форматында өтүп, ректор жамааттын сунуш-пикирлерин кунт коюп угуп, көтөрүлгөн маселелерге тиешелүү көңүл буруларын белгиледи.
Өз сөзүндө ректор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы иш-аракеттерди колдоого даяр экенин билдирип, жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосундагы өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал мындан ары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, билим берүү стратегияларын өркүндөтүү боюнча да өз сунуштарын билдирди.
Колледж жамааты ректордун демилгелерине колдоо көрсөтүп, мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *