Меню Закрыть

18-МАЙ — «ЭНЕЛЕР» КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ТАЛАНТУУ ЖАШТАРДЫН ӨНӨР КЕЧЕСИ

2025-жылдын 18-май күнү «Энелер» күнүнө арналган «Бейиш эненин таманында» аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында концерттик программа тартууланып, энелерге арналган терең маанилүү жана жүрөккө жеткен чыгармалар сахналаштырылды.
Мындан тышкары, 1-2-курстун студенттеринин катышуусунда «Бейиш эненин таманында» темасында чыгармачылык конкурс уюштурулду. Конкурстун негизги максаты – энени урматтоо, кадырлап-барктоо сыяктуу баалуулуктарды даңазалоо болду.
Студенттер энелерге арналган автордук ырларын, сценкаларын, монологдорун жана көркөм окууларын чеберчилик менен аткарып, өзгөчө чыгармачылыктарын көрсөтө алышты.
Конкурстун жыйынтыгында төмөнкү топтор жеңүүчү деп табылды:
🔹 1-орун – Н-11 группасы
🔹 2-орун – Н-21 группасы
🔹 3-орун – Н-23 группасы
Жеңүүчүлөр грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле, катышуучуларга да белектер тапшырылды.
Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп гана тим болбостон, энелерге болгон ыраазычылыгын жана терең урмат-сыйын билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *