Меню Закрыть

«БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫ — САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК МЕНЕН» АТАЛЫШЫНДАГЫ СЕМИНАР БАШТАЛДЫ

«Билим берүү сапаты — санариптик сабаттуулук менен» аталышындагы семинар-тренинг билим берүү тармагындагы санариптик технологияларды колдонуу аркылуу мугалимдердин сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу максатында Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун демилгесинде К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи менен биргеликте Нарын районундагы мектеп мугалимдерине уюштурулду.
Бул тренинг мугалимдерге жана билим берүү адистерине санариптик ресурстарды, платформаларды жана онлайн куралдарды эффективдүү пайдаланууну үйрөтүүгө багытталды.
Семинарда ошондой эле санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча практикалык кеңештер жана иш-чаралар сунушталды.
Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары жана тренерлери Гүланда Байдөөлөтова, Айсалкын Черикчиева, Ырыскүл Токтосунова жана Бексултан Турдиевге терең ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *