Нарын педагогикалык колледжинде өнөктөштөр менен бирге иш алып баруу мыкты деңгээлде уюштурулуп келет.
Адатта, бүгүн дагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бири «Ыйман» бала бакчасынын тарбиячылары «Майрамкүл Турдалиева, Гүлайым Өмүрова жана Нестан Төлөевалар «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттерине мастер-класс уюштурушту.
«Мектеп жашына чейинки балдар үчүн көрсөтмө куралдарды кантип жасайбыз жана аны сабактарда кантип колдонобуз?» деген теманын алкагында ой бөлүшүп, методикалык жардам көрсөтүү максатында дидактикалык оюндарды, баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык көрсөтмө куралдардын түрлөрүн жасоону жана баланын ден соолугуна зыян келбеген материалдарды тандоону үйрөтүп, үлгүлөрүн көрсөтүп беришти.