Асылбек Жоодонбеков “Мугалимдик кесипке болгон сүйүү жана өзүн-өзү таануу, өнүктүрүү” темасында Нарын педагогикалык колледжинде конок лекциясын өттү. Ал өз баяндамасында мугалимдик чеберчиликке жетишүүнүн негизги элементтери жөнүндө айтып берип, төмөнкү ойлорду баса белгиледи:
“Билим, методика, жана тажрыйба биригип, мугалимдин чеберчилигин кийинки деңгээлге көтөрөт. Бирок алардын бардыгын толуктаган жана эң маанилүү элемент – бул балага болгон мээрим жана сүйүү,” – деди Асылбек Жоодонбеков.
Ал мугалимдин милдети билим берүү менен гана чектелбей, баланын адамдык сапаттарын тарбиялоо экенин белгиледи. Ар бир окуучуну жөн гана билим алуучу эмес, уникалдуу инсан катары таануу мугалимдин чыныгы чеберчилигин көрсөтөт.
Бул сыяктуу иш-чаралар коомдун өнүгүүсү үчүн жекече өсүү жана инсандык потенциалды толук ачуу канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.