Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдыгына, ошондой эле 10-ноябрь — “Жаштар күнү” менен 17-ноябрь — “Эл аралык студенттер күнүнө” карата Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулары Кубат Мусаев, Махабат Мамбетова жана Талантбек уулу Аскар демилгелеген волейбол мелдеши жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чара Нарын мамлекеттик университетинин жана башка колледждердин студенттеринин активдүү катышуусунда өткөрүлүп, чоң кызыгууну жаратты. Оюндун ачылышында окуу жайдын директору К.Асылбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, мелдештин маанисин белгилеп өттү.
Жыйынтыгында, жеңүүчүлөр төмөнкүдөй орундарды ээлешти:
• 1-орун: Нарын мамлекеттик университетинин студенттери;
• 2-орун: Нарын медициналык колледжинин студенттери;
• 3-орун: АйТи колледжинин студенттери.
Жеңүүчү командаларга Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан кубоктор жана диплом-грамоталар тапшырылып, мыкты оюн көрсөткөндөргө өзгөчө номинациялар жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Бул мелдеш студенттер арасында достук мамилени чыңдоого, спортту жайылтууга жана майрамдык маанайды жаратууга чоң салым кошту.
Оюндун соңуда Нарын педагогикалык колледжи эстафетаны Нарын медициналык колледжине өткөрүп беришти.