Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунун уюштуруусу менен Нарын районунун окуу бөлүм башчыларына К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин директору Казыбек Асылбеков «STEM сабаттуулугун өстүрүү» аталышында семинар уюштурду.
Бул семинарда окуучулардын эрте жашынан STEM көндүмдөрүнүн актуалдуулугун изилдөөгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана критикалык ой жүгүртүү үчүн STEAM сабаттуулугун өстүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Окуу бөлүм башчылар өзүлөрү STEM багытында практикалык иш аткарышып, ойлорун ортого салып, көйгөйлүү маселерди талкуулашты.